• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүндө балык уулоого кетип, дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда балык уулоого кетип, дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү болжол менен саат 11:00 Аламүдүн районунун Виноградное айылында Ат-Башы каналына (1958-ж.т. Ч.А.) аттуу эркек киши балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий