• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.17. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда болжол менен саат 7:00 чамасында алдын ала алынган маалымат боюнча Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолунда “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеттип, жол жээгиндеги даракты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 3 адам каза болгон. Учурда алардын өздүгү такталууда.

Куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий