• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Тоң районунда жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Тоң районунда жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 96-чакырымында (Кекилик тилкеси) “Lexus RX-300” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 45 жаштагы жана 22 жаштагы 2 эркек киши, 39 жаштагы 1 аял жана 1 ымыркай жеңил жаракат алган.

Жерине келген ӨКМдин куткаруучулары жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандардын абалдары канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий