• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балыкчы-Каракол унаа жолундагы жол кырсыгынан 3 адам жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 01.11.17./Кабар/. Балыкчы–Каракол унаа жолунун 59-чакырымында жол кырсыгы катталып, натыйжада 3 адам жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 31-октябрда болжол менен саат 18:08 чамасында катталган.

“Кырсык болгон жерге ӨКМнин №38 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышкан. “Фольсваген Пассат В-3” үлгүсүндөгү оодарылып калган унаанын ичинде 3 адам жеңил жаракат алып, аларды тез жардам кызматы ооруканага алып кетишти”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий