• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчы-Каракол жолун тосууга аракет кылган аялдар 3 миң сомдон айыпка жыгылышты

Аймак 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Григорьевка айылындагы Балыкчы-Ананьево-Каракол жолун тосууга аракет кылган 5 аял 3 миң сомдон айыпка жыгылышты. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-майда Григорьевка айылындагы Фрунзе жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде айрым жергиликтүү тургундар тарабынан Балыкчы-Каракол автоунаа жолун тосуу аракети болгон. Укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн соң, жолду тосуу аракеттери жоюлган.

Кийинчерээк жергиликтүү тургундарды автоунаа жолун тосууга үндөгөн адамдар аныкталган. Алар – жергиликтүү тургундар 48 жаштагы Р. Кульдыжан, 47 жаштагы М.Айнагүл, 46 жаштагы К.Бурул, 43 жаштагы М.Динара жана М.Сагида.

Аларга карата милиция кызматкерлери тарабынан “Жолду мыйзамсыз тосуу” беренеси боюнча административдик протокол түзүлгөн.

Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен ар бирине 3000 сомдон айып салынган.

Пикир

Оставить комментарий