• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балыкчы-Каракол жолундагы кырсыктан унаа күйүп, 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Балыкчы-Каракол трассасындагы жол кырсыгынан унаа күйүп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы унаа жолдун 55-чакырымында (Өрнөк айылы) катталып, “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Mercedes - MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан.

"Кырсыктын кесепетинен "КамАЗ" үлгүсүндөгү унаанын кабинасы күйүп, эки эркек киши каза болуп, дагы эки эркек киши жабыркаган. Каза болгон адамдардын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 2 бөлүм жана АКУ менен 3 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий