• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун иштеп чыгуу башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча иштин заказчысы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы аныкталды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Чечим темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө транспорттук камсыздоо жана республиканын жана анын аймактарынын экономикасын өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча башкы подрядчы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканасы саналат.

Белгилесек, темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттер 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына киргизилген.

“Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы болуп узундугу 63 км болгон “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу пландалууда.

Ошондой эле учурда долбоорлоо-изилдөө институттарын жана профилдик адистерди тартуу менен “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий