• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече" темир жолунун курулушу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 22.10.22. /Кабар/. Кечээ, 21-октябрда "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин "РЖД Интернешнл" ЖЧКсынын башкы директору Сергей Столяров менен жолугушуусу болуп өттү.

Ишкананын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече" темир жолун куруу долбоорун биргелешип ишке ашырууну иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Учурда "Балыкчы-Кочкор" темир жолунун курулушу уланууда, 5 чакырым жолду куруу быйылкы жылга пландалып, 80% жумуш аткарылды. Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦти көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Маалымат үчүн: "РЖД Интернэшнл" ЖЧКсы – "Россия темир жолу" (РЖД) холдингинин курамындагы адистештирилген инженердик компания, ал темир жол куруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жана технологиялардын толук комплексин сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий