• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Балыкчы – Корумду автожолунун курулушуна бюджеттен дагы 790 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Балыкчы – Корумду автожолунун курулушуна бюджеттен дагы 790 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда белгилүү болдугун парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев азырынча капиталдык салымдар боюнча иш баштала электигин билдирди.

Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов туристтик мезгил башталып калганын эске салып, жолдун курулушун каржылоо чараларын тездетип, туристтерге жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий