• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчы-Корумду унаа жолундагы курулуш иштери качан аяктары белгисиз – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Балыкчы-Корумду унаа жолундагы курулуш иштери дээрлик 50% аяктап калды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин жетекчисинин орун басары Акуналы Досалиев билдирди.

Анын айтуусунда, долбоордун өзү 9 млрд. сомго бааланууда, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 3,6 млрд. сом бөлүнгөн.

"Бул жылы автожолду жарым-жартылай каржылоо маселеси чечилип, 150 млн. сомго жакын каражат бөлүнөт. Жыл сайын бюджеттен болжол менен 500-600 млн. сом бөлүнөт. Азырынча курулуш иштери качан аяктары белгисиз", - деп түшүндүрдү ал.

Андан тышкары министрликтен жолду куруп жаткан субподряддык уюм менен болгон ички чыр тууралуу да айтып беришти.

Ведомствонун басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов билдиргендей, "Лонг Хай" компаниясы долбоордун негизги жалдануучусу (подрядчик), алардын башка субподряддык уюмду жалдоого жана техникаларды ижарага алууга укугу бар.

Досумбетовдун айтуусун, чыр негизги жалдануучу менен субподряддык уюмдун ортосунда чыккан. Өлкөнүн өкмөтү ага аралаша албайт.

"Тараптар айлык акы же ижара акысын төлөп берүү маселеси боюнча тиешелүү органдарга кайрылса болот. Транспорт жана жолдор министрлиги долбоорго каражат бөлүп берүү боюнча иш алып барууда", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий