• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балыкчы – Корумду жолу – өлкөнүн күрөө тамыры, аны тезинен бүткөрүш керек - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Эки жыл мурда башталган Балыкчы – Корумду жолу эмдигиче бүтө элек. Жергиликтүү калк жүдөп бүттү. Эшигинин алдына чейин казылган аӊдар түздөлгөн жок, туристтик мезгил үзгүлтүккө учурады. Калкыбыздан айланса болот, күткөн үмүтү акталбаса да, эптеп чыдап отурат. Балыкчы – Корумду жолу – өлкөнүн күрөө тамыры. Жол бүтсө, туристтер үчүн жагымдуу катнаш түзүлүп, көптөгөн каражат түшмөк. Ошондуктан, Өкмөт жолду тездетип бүткөрүү чараларын көрүшү зарыл. Бул тууралуу депутат Гүлкан Молдобекова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Быйыл III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Өткөндө көрдүк, жолубуз ушул бойдон калса, абдан уят болобуз. Биз жолду салуу иштерин азыртан башташыбыз керек. Бул жолдун курулушун Премьер-министрдин жеке өзү колго албаса болбой калды», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий