• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат. Түштүк Кореядан инвесторлор келди

Аймак 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат.

Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 25-майда шаарга Түштүк Кореяден электромобиль автозаводун куруу боюнча инвесторлор келишти.

"Инвесторлорду мэрдин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу тосуп алды. Балыкчы шаары тогуз жолдун тоому болгондуктан, соода-экономикалык, темир жол жана автотранспорт байланыштарынын түйүнү экенин баса белгилеп, Кореядагы электр автомобиль куруу компаниясынын финансы бөлүмүнүн аткаруучу директору Ким Жи Цук, аткаруучу директору Ли Кен Дже, Пар Кен Хе жана башкы директору Ан Юн Жун менен баарлашты", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кабарлашкандай, инвесторлор электр автомобилдерди 10 жылдык кепилдик менен чыгарышмакчы.

Ошондой эле заводду куруу, кийин автомобиль чыгаруу иштерине Балыкчы шаарынын жергиликтүү жашоочулары атайын даярдыктан өтүп иштешмекчи.

Завод 3 этап менен иш алып барат. Биринчи этапта 65 миң, экинчи этапта 300 миңден ашуун автомобилдердин чакан жана “Минивен” сыяктуу түрлөрүн чыгарышат.

Электр автомобилдер экологияга терс таасирин тийгизбейт жана электр тармактары жыш жайгашкан жерлерде батареялык энергия алуучу түйүндөрү түзүлөт. Алгач автотетиктер чет өлкөлөрдөн алынып, кийин Балыкчыда жасалаары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий