• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балыкчы шаарында 2 саламаттык сактоо объектиси курулууда - Мамкурулуш

Аймак 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Катар кайрымдуулук фондунун эсебинен жана ишкер, меценат Мирлан Исагалиевдин каржылоосу менен 2 саламаттык сактоо объектисинин курулушу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган объектилердин курулушу Балыкчы шаардык ооруканасынын аймагында жүргүзүлүп, алардын долбоорлору Балыкчы шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

"Аталган ооруканалар шаардык оорукананын аймагында курулууда. Кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып жаткан 3 кабаттуу Медициналык ден соолукту чыңдоочу комплекс 21 орунга эсептелген. Ал эми Мирлан Исагалиевдин атынан каржыланып жаткан 2 кабаттуу Профилдүү диагностикалык борбор 16 койка-орундуу болот”,- деп белгиледи архитектура башкармалыгынын башчысы Жумгал Асанбеков.

Ошондой эле ал долбоор боюнча, Медициналык ден соолук чыңдоочу комплексинин жалпы аянты 614,3 чарчы метр жана сметалык наркы 22 млн 390 миң сомду, ал эми Профилдүү диагностикалык борбордун жалпы аянты 768 чарчы метр жана сметалык наркы 27 млн 993 миң 600 сомду түзѳрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий