• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчы шаарында «Формирование-2019» машыгуусу башталды

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Балыкчы шаарында «Формирование-2019» машыгуусу башталды. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты.

Машыгуунун ачылышына КР Куралдуу күчтѳрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Нурлан Кирешеев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кургактагы аскерлердин ѳкүлдѳрү катышкан.

"Машыгуунун жүрүшүндѳ аскерге чакыруу иш-чарасынын практикалык комплекстерин аткаруу, мобилизациялык ресурстарды жиберүү, окуу борборунда аткыч роталарды күжүрмѳндүүлүккѳ шайкеш келтирүү боюнча практикалык иш-чаралардын комплекси аткарылды. Машыгуунун катышуучулары менен тактикалык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар ѳткѳрүлөт. Ошондой эле мобилизацияны өткөрүүнү билүү жана штабдарды окутуп-үйрѳтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Машыгуу үстүбүздөгү жылдын 15-августуна чейин уланат. Ушундай эле машыгуу ушул жылдын апрель айында Майлы-Суу шаарында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий