• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Балыкчы шаарында "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 15.10.2018 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Мамлекет башчысы тарабынан 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоонун алкагында Балыкчы шаарында "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарында 84 видео байкоочу камералар орнотулуп, эки система сынамык режимде иш алып барууда.

Шаардын мэри Алмаз Мамбетовдун айтымында, видео байкоочу жабдыктарды орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

"Системалардын бири шаардын кире беришинде орнотулган, мындан тышкары бир мобилдик система атайын автоунаада орнотулуп иш алып барууда", - деп кошумчалады Мамбетов.

Пикир

Оставить комментарий