• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчы шаарында жаңы милиция пункту ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Балыкчы шаарында милициянын жаңы пункту ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылышка президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, Балыкчы шарынын мэри Азамат Анарбек уулу, Ысык-Көл облустук милициясынын начальниги Орунбай Кочкоров, ички иштер органдарынын ардагерлери, ошондой эле шаардын тургундары катышты.

Жаңы заманбап милиция пунктунун курулушу Балыкчы шаарынын мэринин демилгесинин менен Балыкчы шаарынын жергиликтүү жашоочуларынын жана оор жүк ташуучу мекемелеринин айдоочулары тараптан финансылык колдоосу менен каржыланган.

Заманбап талаптарга жооп берген милиция участогу шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, бул шаардын жарандарын жана меймандарын кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана калкка өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык жагымдуу шарттарды түзөт. Аталган жаңы милицияныны пункту Балыкчы шаарындагы үчүнчү пункт болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий