• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балыкчы шаарында окуучулар белгисиз газ менен ууланышкан

Аймак 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 17-апрелде саат 10:35 чамасында Балыкчы шаарындагы №3 Абдылдаев атындагы орто мектепте окуучулар белгисиз газ менен ууланышкан. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уулануунун натыйжасында, 5 окуучу шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө, 5 окуучу травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя каталган жерге №19 акерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, ШИИБдин 5 милиция кызматкери жана шаардык ооруканасынан 4 кызматкер тартылган.

Ошол эле күнү куткаруучулар тарабынан 2 мугалимге жана 2 окуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы тарабынан 10 окуучу шаардык ооруканага жаткызылган.

Милиция кызматкерлери кандай газ менен уулангандыгы тууралуу иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий