• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балыкчы шаарында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Балыкчы шаарында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМге шаардын Озерный көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттүн кесепетинен 1972-жылы туулган М.Н.В. атуу эркек киши каза болгон.

Учурда өрттүн толук материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Белгилей кетсек, дем алышта өлкө аймагында жалпы 9 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий