• 84.79
  • 101.97
  • 1.11

Балыкчы шаарында жаштар борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Балыкчы шаарында жаштар борбору ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы "Ордо" муниципалдык жаштар борборунун ачылышына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин, мэриянын жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөрү катышты.

Аталган борбордун ачылышы Япония өкмөтүнүн каржылоосунда БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий