• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Балыкчы шаарында ЖККУнун "Кобальт - 2022" биргелешкен машыгуусу башталды

Аймак 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-августунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы "Эдельвейс" аскер полигонунда КР Ички иштер министрлигинин жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн катышуусунда "Кобальт - 2022" атайын-тактикалык машыгуусунун ачылышы болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, машыгуунун ачылышында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, машыгуунун негизги максаты ЖККУга мүчө мамлекеттердеги кылмыштуулук менен күрөшүүдө күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө болуп саналарын белгиледи.

Белгилей кетсек, мындай машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында тажрыйба алмашуу максатында уюштурулуп келет. Аталган машыгууга Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Россиянын өкүлдөрү катышты.

Ачылышында уюмга мүчө мамлекеттердин гимни жаңыргандан кийин аскердик салтанаттуу жүрүш болуп өттү.

Эскерте кетсек, аталган машыгуу "Эдельвейс" полигонунда 2022-жылдын 5-августуна чейин болуп өтөт. Машыгуунун жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр, “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу жана сактоочу жайларды, лабораторияларды табуу боюнча окуу-практикалык жана ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.

Машыгуунун мерчеми боюнча атайын операцияны пландаштыруу, ар кандай күчтөр менен каражаттарды башкаруу жана өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселелери боюнча ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн (ФССН КСОР) Ыкчам штабы менен командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү каралган.

Машыгуунун соңунда ар кандай куралдардан ок атуу боюнча мелдештер, ошондой эле машыгууга катышкан командалардын арасында футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештер уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий