• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балыкчы шаарында ЖККУнун "Кобальт-2022" машыгуусу аяктады — сүрөт

Коом 0


Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-августта Балыкчы шаарындагы "Эдельвейс" окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун "Кобальт-2022" атайын-тактикалык машыгуулары аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуунун жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин атайын багыттагы бөлүмдөрү бандалык жол-жоболорду, террористтик топторду издөө, бөгөт коюу жана жок кылуу, ошондой эле баңгизаттардын контрабандалык каналдарын жабуу жана баңги заттарды сактоо жана өндүрүү, аларды жок кылуу боюнча скрондорду, лабораторияларды табуу боюнча окуу-машыгуу жана колдонмо Ыкчам-согуштук милдеттерди иштеп чыгышты.

Машыгуунун негизги максаты боюнча төмөнкү атайын операциялар иштелип чыкты: “Мамлекеттик чек аранын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнө бөгөт коюу, КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан чек ара аймагында согуш аракеттерин киргизүү”, “ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн тарабынан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн чачыранды топторун издөө, табуу жана жоюу”, “Улуттар аралык уюшкан баңги топторун издөө, табуу жана жок кылуу”, “Атайын операция болгон районду тосуу, калктуу пунктта чалгындоо-издөө аракеттерин жүргүзүү, ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү куралсыздандыруу жана жоюу”, “ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн тарабынан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү буктурмаларды өткөрүү, уюштуруу жана жок кылуу”, “Коммерциялык банктын имаратында барымтага алынгандарды бошотуу жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча атайын бөлүктөрдүн иш-аракеттеринин тактикасы. Объектилердеги өзгөчө кырдаалдарды жоюу. Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүү”, “Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү зыянсыздандыруу жана автотранспортто барымтадагыларды бошотуу боюнча ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн (полиция, Улуттук гвардия) иш-аракеттеринин тактикасы”.

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась машыгуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, атайын багыттагы күчтөрдүн түзүмдөрүнө жогорку баа берип, бардыгы болуп 500дөн ашык адам аскердик жана атайын техниканы колдонуу менен катышкандыгын, ал эми чалгындоо үчүн учкучсуз учуучу аппараттар активдүү колдонулгандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде КР ички иштер министри Улан Ниязбеков атайын операция күчтөрүнүн түзүлүшү менен “Кобальт-2022” атайын-тактикалык машыгуу ийгиликтүү аяктаганын белгиледи.

"Террористтик уюмдарга каршы күрөшүү, ошондой эле баңги аткезчилигинин каналдарын тосуу жана баңгизаттарды сактоо жана өндүрүү жана аларды жок кылуу, лабораторияларды табуу боюнча күжүрмөн милдеттер ийгиликтүү иштелип чыкты. Бул биздин жамааттык күчтөрүбүздү колдонуу керек болгон учурда күжүрмөн иштөөгө олуттуу даярдык”, – деп министр.

Эске салсак, "Кобальт-2022" машыгууларына Казакстан, Армения, Россия, Тажикстан, Белоруссь, Бириккен штаб жана ЖККУ катчылыгы, ИИМдин, Улуттук гвардиянын, ӨКМдин жана УКМК Чек ара кызматынын аскердик контингенттери жана ыкчам топтору катышты.

Машыгуунун жүрүшүндө спорттук-массалык иш-чаралар (мини-футбол, аркан тартыш жана ок атуучу куралдан мелдеш, тоскоолдук тилкесин жеңүү) уюштурулган. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубоктор, медалдар жана ар кандай даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий