• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчы жана Караколдо калктын аярлуу катмарына негизинен гумжардам берилип бүттү

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларында калктын аярлуу катмарына негизинен гумжардам берилип бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, март айынан бери облус аймагында 57 миң 988 адам жардам сурап кайрылган.

"23 миң 349 үй-бүлө мурдатан бери эле аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турган. Илдет тараган учурдан тартып 34 миң 559 үй-бүлө убактылуу жардам сурап кайрылган. Анын 21 миң 408ине гумжардамдар берилди. Каракол шаарынын 10 миң 150 тургунуна, Балыкчы шаарында 3 миң 400гө жакын адамга жардам көрсөтүлдү. Ал эми 5 райондун жашоочулары үчүн 250 тонна ун келе жатат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий