• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балыкчыда 500 орундуу индустриалдык-педагогикалык колледж толук оңдоодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы 500 орундуу индустриалдык-педагогикалык колледжи толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Биим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ремонт иштеринин жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев реконструкция иштеринин аяктаганына жеринен күбө болду.

Эми бул билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасы толугу менен жаңыртылып, бардык стандарттарга шайкеш келтирилди.

Окуу жайдын эмгек жамааты менен баарлашкан министр окутуучуларды ар тараптуу колдоого алууга даярдыгын билдирип, жоопкерчиликтүү иштерине ийгилик каалады.

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин реконструкциясы Билим берүү жана илим министрлигинин алдында ишке ашырылып жаткан «Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.

Бул колледж чет тилдери, туризм, автоунаада жүк ташууну башкаруу, программалык башкаруу ж.б. сыяктуу учурдун талабына ылайык келген тармактарда адистерди даярдайт.

Пикир

Оставить комментарий