• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балыкчыда аял түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Балыкчыда бир аял түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү саат 10:09 чамасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Орозбаев көчөсүнүн №39 дарегинде көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө 10 чарчы метр курулуш буюмдары жана таштанды күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы аял киши түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилген. Абалы орто.

Учурда өрттүн себебин такталууда.

Пикир

Оставить комментарий