• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балыкчыда автоинспекторду сабаган прокурордун эки жардамчысы убактылуу кызматтан алынды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Балыкчы шаарынын прокурору менен анын эки жардамчысы убактылуу кызматынан четтетилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чара Балыкчынын прокурорунун жардамчылары жол инспекторуна кол көтөрүү окуясына байланыштуу болду.

Окуя 23-декабрга караган түнү болгон. Анда Балыкчы прокуратурасынын эки кызматкери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлүн ур-токмокко алышкан. Окуянын себеби белгисиз. Жарат алган инспектор ооруканага жаткырылды.

"Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Бул иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жиберилген. Кылмыш ишин облустун прокуратурасы ачкан. Мындан тышкары Башкы прокуратура тарабынан кызматтык иликтөө жүрүүдө", - деп билдиришти прокуратурадан.

Учурда тергөө аяктагыча Балыкчы шаарынын прокурору менен анын эки жардамчысы кызматынан четтетилген.

Пикир

Оставить комментарий