• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балыкчыда батирден өрт чыгып, алты адам куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, батирдин ичинде эки чоң киши жана төрт жаш бала болгон.

Жерине келген куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен жарандарды үйдүн балконунан чатырына чыгарып, куткарып калышкан.

Өрт саат 11:52де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын келип чыгуу себи такталууда.

Пикир

Оставить комментарий