• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балыкчыда батут оодарылып кетип, жаракат алган 3 жашар кыз каза болду

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Балыкчыда батут оодарылып кетип, жаракат алган 3 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ысык-Көл облустук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 9-июнь күнү Бакылчыда шамал батутту оодарып кетип бир нече бала жаракат алган.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

“Түндө 3 жашар кыз ооруканадан көз жумган. Ага байланыштуу бул иштин беренеси оор беренеге өзгөртүлөт. Учурда Мамэкотехинспекция батуттун мыйзамдуулугун, батутту орнотууда техникалык коопсуздук сакталганбы ж.б. жактарын аныктоодо. Ошондой эле тергөө соттук-медициналык экспертизаны дайындаган”, - деп кабарлашты басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий