• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчыда ден соолук чыңдоочу жайдын курулуш иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Балыкчыда ден соолук чыңдоочу жайдын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун башчысы Мирбек Кожоев жана «Катар Черити» кайрымдуулук уюмунун аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари баштаган делегация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Балыкчы шаарында ден соолук чыңдоочу жайдын курулуш иштери менен таанышып, капсула салышты.

Ден соолук чыңдоочу жайдын курулушу 2021-жылдын 20-майында түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө. Аянты 675 чарчы метрди түзгөн эки кабат имараттын жалпы сметалык наркы 27 млн сомду түзөт жана 21 койка орунга эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий