• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балыкчыда денеге оор залака келтиргенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Балыкчыда денеге оор залака келтиргенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 5-январда болжол саат 20:30да Балыкчы шаардык милициясына шаардык ооруканадан билдирүү түшүп, анда 31 жаштагы К.Э. жана Тоң районунун 32 жаштагы Э.Ч. аттуу тургуну денелеринен учтуу нерсе менен оор залака алып түшкөнү маалымдалган.

Аталган факты шаардык милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголгон. Ден соолукка келтирилген залалдын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталды. Алар Ысык-Көл облусунун тургундары, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турушкан 30 жаштагы Б.Б. жана 28 жаштагы И.И. болуп чыккан.

Балыкчы шаарынын кире беришинде 16-январда шектүүлөрдүн унаасы токтотулуп, колго түшүрүлгөн.

Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин шектүү катары кармалгандар Балыкчы шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий