• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчыда ири эт комбинаты курулат

Аймак 0

Балыкчы, 19.06.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ири эт комбинаты курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган комбинаттын башкы директору Марат Зарылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, комбинат Балыкчы шаарынын өнөр-жай аймагында курулат. Жалпы аянты 4 гектар болот.

“Мурда бул жерде бетон заводу болчу, Советтер Союзу тарагандан кийин ал өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Бул тилке көп убакыттан бери каралбай калган”, - деп билдирди Марат Зарылбек уулу.

Комбинаттын курулуш иштерине Кытайдын инвестициялык “Central Asia Development” компаниясы “Дордой” ассоциациясы менен биргеликте инвестиция салат.

“Central Asia Development” компаниясынын өкүлү Джан Юэхуанын айтымында, аталган объект “адал” азыктарды чыгарып, өзүнүн европа стандартындагы жеке лабораториясы болот.

“Объекттин жалпы суммасы 20 млн. доллар. Бул жерде кеминде 150 жергиликтүү тургун иштейт. Азык Араб өлкөлөрүнө, Россия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттолот”, -деп бидирди Джан Юэхуа.

Комбинат үчүн жабдыктар Циндаодон алынып келинет.

Пикир

Оставить комментарий