• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчыда "каржы пирамидасынын" ишмердүүлүгүнөн жарандар 162,5 млн сомго зыян тарткан

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-августунан 1-декабрга чейинки аралыкта Балыкчы шаардык милициясынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каржы пирамидасынын" ишмердүүлүгү боюнча алдамчылык фактысынын 2 миң 159 учуру катталган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө жана жоруктарды териштирүү кызматтарынын кызматкерлеринен турган атайын тобу тарабынан микрокаржылоо тармагы сыяктуу "каржы пирамидасын" уюштурган 10 тутуму аныкталган. Тергөө амалдары учурунда бул кылмыштын түрүн уюштурушкан 19 шектүү адам кармалган. Алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн улам келтирилген зыяндын жалпы баасы 162 миллион 534 миң 620 сомду түзгөн.

"1-декабрга карата алдамчылыктын 1 337 фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап, соттун кароосуна жиберилди. Алдамчылыктын 30 фактысы боюнча өндүрүш иштери материалдык зыяндын орду толтурулгандыгына байланыштуу кыскарган. Катталган 1327 арыз бир өндүрүшкө бириктирилген", - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облустук жана Балыкчы шаардык милициясынын тергөө кызматы "Ак-Куу" атындагы "каржы пирамидасына" карата сотко чейинки өндүрүш ишин аякташты. Аталган "каржы пирамидасы" боюнча 28 жаштан 55 жашка чейинки Балыкчы шаарынын 5 тургуну өтүүдө. Алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн келтирилген зыян 30 миллион сомдун тегерегин түздү.

Кирешенин жогорку пайызы менен микрокаржылоо принцибинде иш алып барган "Ак-Тилек" атындагы "каржы пирамидасынын" башчысы К.И. карата да сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, сотко жөнөтүлдү. Аталган каржы пирамидасы 84 аманатчыга жалпы суммасы 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Учурда "каржы пирамидасы" боюнча калган алдамчылыктын 743 фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий