• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчыда КСДПнын шаардык конференциясы партиянын съездине делегаттарды шайлады

Саясат 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Балыкчы шаарында КСДП саясий партиясынын 150дөн ашуун мүчөсүнүн катышуусу менен шаардык конференциясы болуп өттү.

Партиялык конференциянын катышуучуларына аймактык уюмдардын ишин чагылдырган отчет уктурулду. Үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында өтүүчү партиянын XVI съездине 5 делегат добуш берүү менен шайланды.

Эске салсак, райондук конференциялар Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жана Ош облусунунун Кара-Суу районунда старт алды.

Пикир

Оставить комментарий