• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Балыкчыда милиционер Бакыт Абдраевдин жаркын элесине арналган турнир болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Балыкчы шаарынын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери 2014-жылдын февраль айында кызмат учурунда куралдуу кылмышкерлердин колдорунан каза болгон милициянын прапорщиги Бакыт Абдраевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча мелдешинде күчтөрүн сынашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаранын демилгечилери болуп, көп жылдан бери Балыкчы шаардык милициянын өздүк курамы жана Ардагерлер кеӊеши чыгууда. Салтка айлангандай мелдештин алдында кызмат учурунда каза болгон Бакыт Абраевдин жакын туугандары, мелдештин катышуучуларына өздөрүнүн калоо тилектерин айтышты.

“Бакыт берилген дос жана камкор ата болгон. Аны балдары өтө жакшы көрүшчү жана үйдө ар дайым күтүп турушчу. Бирок, Бакыт жарандардын тынчтыгын коргош үчүн, өз жанын кыйды”, - деп белгилешти мелдештин алдында.

Курч күрөштүн жүрүшүндө "Шумкар" атайын багыттагы полкунун командасы Кубоктун жеӊүүчүсү аталды. Ал эми, экинчи жана үчүнчү орундарды Балыкчы ШИИБдин жана күзөт бөлүмүнүн командалары жеңип алышты.

Өткөрүлгөн мелдешке жалпысынан 8 команда катышты.

Пикир

Оставить комментарий