• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчыда окуучулардын катышуусунда зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. 25-ноябрдан 10-декабрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында балдарга карата зомбулукту болтурбоого багытталган "Зомбулуксуз дүйнө" акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында Балыкчы ШИИБнин балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору билим берүү өкүлдөрү менен биргеликте шаардын орто билим берүү мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларынын жөө жүрүшүн өткөрүштү.

Милициядан билдиришкендей, 150дөн ашуун мектеп окуучусу зомбулукка каршы күрөштү символдоштурган ар кандай плакаттарды жана шарларды кармап, шаардын борбордук көчөлөрүн аралап өтүштү. Муну менен алар жаш муундун тагдырына кайдыгер болбоого коомчулуктун көңүлүн бурушту. Жөө жүрүш шаардын борбор аянтында аяктап, ал жерде мектеп окуучулары зомбулуктун көйгөйлөрүн чагылдырган сахналыштырылган көргөзмөнү көрсөтүштү.

"Аянтта милиция кызматкерлери мектеп окуучулары арасында жаш өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун орун алышы, келечекте кандай зыяны болору тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, профилактикалык мүнөздөгү брошюраларды таратты. Ошондой эле окуучулар өспүрүмдөр арасында зомбулукка каршы туруу боюнча теңтуштарын андан ары маалымдоо үчүн балдарга жардам берүү борборунун иши менен тааныша алышты", - деп белгилешти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий