• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балыкчыда рейддин алкагында дайынсыз жоголгон бала табылды

Аймак 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Балыкчы шаарында "Көзөмөлсүз калгандар" рейдинин алкагында дайынсыз жоголгон 12 жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд 29-марттан 30-мартка чейин жаш өспүрүмдөр арасында кароосуз калуунун, үйдөн өз эркинче кетүүнүн алдын алуу, ошондой эле иштеген жана кайыр сураган балдарды аныктоо максатында өткөрүлгөн.

Рейд учурунда Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан коомдук жайлар, соода борборлору, интернет-клубдар текшерилди. Рейддин жүрүшүндө 23-марттан бери дайынсыз жоголгон 12 жаштагы бала изделип табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, базарда соода жүргүзгөн 7 жаш өспүрүмдөр аныкталды. Алардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгы менен Балыкчы шаарынын мэриясына, балдарды коргоо, билим берүү бөлүмдөрүнө, орун алган көйгөйлүү маселелер боюнча 6 сунуш, 16 маалыматтар жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий