• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчыда жаңы реабилитациялоо клиникасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы Жалпы дарыгердик практика борборунда консультативдик-диагностикалык реабилитациялоо бөлүмүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, имарат Катар кайрымдуулук уюмунун жана Балыкчы шаарынын мэриясынын биргелешкен келишиминин негизинде салынды.

Реабилитациялоо клиникасы эки кабатуу, 18 бөлмөдөн турат.

Жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы бөлүмүнө жакынкы арада компьютердик томография, УЗИ сыяктуу дартты аныктоочу жабдуулар коюлат. Реабилитациялоо борборунда инсульт жана оор жаракаттан кийин калыбына келтирүү жардамы, укалоочунун кызматы дагы болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий