• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балыкчыда жатак колониясынан эки адам качып кетти

Коом 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Балыкчыдагы жатак колониясынан эркинен ажыратылган эки киши качып кеткен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

39 жаштагы Зафаржон Исматов Тажикстандын жараны жана 34 жаштагы Аскаржон Буриев Өзбекстандын жараны 8-апрелде Балыкчыдагы №51 жатак колониясынан качып кетишкен.

Ушул жылдын февраль айында Исматов уурулук кылгандыгы үчүн эки жылга эркинен ажыратылган.

Буриев жасалма документ жасап, эки ай мурда төрт жылга эркинен ажыратылган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Милиция тарабынан “перехват” планы жарыяланып, көзөмөл-өткөрмө жайларында текшерүү күчөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий