• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балыкчыда жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Балыкчыда жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-июнда түнкү саат 02:20 чамасында Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын Токтосунов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда турган Toyota Estima үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, толугу менен күйгөн.

Өрт болгон жерге өрт өчүрүүчү бир бөлүм тартылган. Өрт саат 02:40та чектөөгө алынып​, 02:59да толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

Пикир

Оставить комментарий