• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Балыкчыда жергиликтүү тургундун жылкысын алып, качып жүргөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Балыкчыда жергиликтүү тургундун жылкысын алып, качып кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-августунда Балыкчы ШИИБне жергиликтүү Т.К. аттуу жаран кайрылып, ушул эле жылдын 2-июль күнү Тилек аттуу жана жанында белгисиз 2 адам ишеничине кирип, ага тийешелүү жылкысын сатып, алмаштырып кайра беребиз деп алдап кеткендигин билдирген. Ошентип, жабырлануучуга 80 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт Балыкчы ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Урдоо") негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Нарын облусуна караштуу Кара-Суу айылынын 1975-жылы туулган К.Т. аттуу жаран Тоң районунун сырт аймагынан, жазадан жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүүсүндө шектүү К.Т.нын аталган кылмышка тиешеси бар шериктеринин өздүктөрү аныкталып колго түшүрүлдү. Алар 1991-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургундары А.Т., К.Ө. жана 1976-жылы туулган Э. у К. болуп чыгышты.

Андан аркы тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн Балыкчы шаарынын аймагынан дагы ушул сыяктуу 3 фактыга - малды алдамчылык жолу менен ээлеп алуу боюнча кылмышка тийешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда шаардык соттун чечими негизинде шектүүлөргө эки айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып тергөө амалдары уланууда.

"Тергөө кызматы кылмышка шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул адамдардын алдамчылык аракеттеринин жабыркаган жарандарды 0701067101, 0394432716, 0394432705 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий