• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балыкчыда жигиттер милиция кызматкерлерине мергенчинин мылтыгынан ок чыгарышты

Коом 0

Бишкек, 07.08.18./Кабар/. Балыкчыда жигиттер милиция кызматкерлерине мергенчинин мылтыгынан ок чыгарышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-августта саат 23:20 чамасында милицияга көчөлөрдүн биринде жаш жигиттер чогулуп, ок атуучу куралдан атып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

4-5 адамдан турган жигиттердин тобу аларга жакындап келе жаткан милиция кызматкерлеринин унаасын көрүп тартип сакчыларын көздөй ок чыгарышкан. Андан соң унааны таш менен ура башташкан.

“Милиция кызматкерлери табелдик куралдан эскертип асманга атышкан. Бирок балдар аларга баш ийбей окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет жасашкан”, - деп билдиришти ИИБден.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Тоң районунун Шорбулак айылынын жашоочусу 20 жаштагы А.Данияр жана Балыкчынын 20 жаштагы тургуну У.Бакыт кармалган. Экөөндө тең ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү мергенчинин 2 мылтыгы, 3 патрон болгон.

Алар көрсөтмө берип жатышып ошол күнү башка балдар менен жолугушууга бара жатышканын айтышкан.

Аталган факт боюнча 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Балдардан алынган мергенчи мылтыктары Балыкчы ИИБде каттоодо жок экендиги аныкталган. Куралдын ээлерин аныктоо боюнча иштер аткарылууда.

Кармалгандар Балыкчы ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий