• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балыкчыга жакын жерде жүк унаасы күйүп жатат – күбөлөрдүн сүрөтү

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Балыкчы шаарынан алыс эмес жерде Боом капчыгайында Man маркасындагы жүк унаасы күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрт тууралуу билдирүү 16:27де түшкөн. Жалындаган жүк унаасы унаалар өтүүчү жолдо турат. Жеринде бир өрт өчүрүү бөлүгү иштеп жатат.

Ведомстводон билдиришкендей, кийинчерээк кошумча маалымат берилет. Тармактарда күбөлөр окуя болгон жерден сүрөттөрдү жүктөшкөн.

Пикир

Оставить комментарий