• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балыкчынын жылуулук менен камсыз кылуу ишканасы быйыл мазутка өтөт

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинде түзүлгөн комиссия аймактардагы объектилердин кышка даярдагын текшерүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, комиссия Ысык-Көл облусундагы социалдык мекемелерди жана калкты электр энергиясы, жылуулук жана көмүр менен камсыз кылган мекемелердин күз-кыш мезгилге даярдыгынын жүрүшүн жеринен көрдү.

Комиссия мүчөлөрүнө «Балыкчы шаардык жылуулук менен камсыз кылуу» ишканасынын жетекчилиги борбор быйыл толугу менен мазутка өтөөрүн маалымдашты. Буга чейин ишкана электр энергиясы жана мазут менен иштечү. Эскерте кетсек, жылуулук борбордун 1044 абоненти бар. Бул үчүн жылытуу мезгилинде 550-600 тонна мазут колдонулат.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Мелис Сатыбеков Балыкчы шаарындагы абоненттердин жылуулук үчүн карызы көп экенин белгиледи.

«Балыкчы шаарындагы абоненттердин жылуулук үчүн карызы 2 миллион сомдон ашык. Бул быйылкы жыл үчүн гана. Буга чейинки жылдардагы аласасы дагы көп. Ошондуктан жергиликтүү бийлик менен шаардык мэрияга дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча жардам берүүңүздөрдү сунуштайбыз. Жергиликтүү калкты жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн карыздарды чогултуу керек», - деди Мелис Сатыбеков.

Комиссия ошондой эле Балыкчы шаарындагы социалдык объектилердин от казандарын көрдү. Шаардык оорукананын от казаны жайгашкан имараттын ичине суу тамчылап жатканын көргөн комиссия мүчөлөрү бир айдын аралыгында маселени чечүү керектигин белгилешти.

Комиссия тарабынан «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Балыкчы шаарындагы объектилерин карап, «Кара-Кече» кенинен көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу тапшырмасы коюлду.

Муну менен катар Энергетика жана өнөр жай министрлигинин комиссиясы Тоң, Жети-Өгүз жана Ак-Суу районундагы энергетикалык жана социалдык объектилердин кышка даярдыгын текшерди.

Пикир

Оставить комментарий