• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бангкоктогу өрттөн үч адам каза болуп, 60га жакыны жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 03.04.18. /Кабар/. Бангкоктогу райондордун бириндеги үйдүн 14-кабатында шейбемби күнү өрт чыгып, үч адам каза болуп, 60га жакыны жабыркаган,-деп жергиликтүү полицияга шилтеме кылып Bangkok Postсо гезити жазат.

Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:30 чамасында имараттын бешинчи кабатында башталган, бир нече убакыттан соң аны өчүрүүгө мүмкүн болгон,-деп жазат РИА Новости.

Полициянын маалыматы боюнча, бир адам жеринде, экөө ооруканадан каза болушкан. Дээрлик 30 адам түтүнгө ууланып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Бангкоктун губернатору Асвин Кванмуанг билдиргендей, жабыркагандар үчүн убактылуу жардам берүүчү борбор ачылган. Анын айтуусунда, бийлик имаратты курчоого алып, курулуштун жагдайын текшеришет.

Пикир

Оставить комментарий