• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бангладешке качкындардын саны 429 миң адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Рохинджа элинин Мьянмадан Бангладешке бет алган качкындарынын саны 3,5 жумада 429 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюмунун басма сөз катчысы Джоэл Миллман билдирди.

“Кеминде 300 миңдей мигрант жүргөн Бангладеш 2016-жылдын октябрындагы окуялардан кийин дагы 74 миң адамды жана 25 –августтан тарта Рокхайн штатында коргологон дагы 429 миң адамды кабыл алды”, - деп Миллман билдиргенин РИА Новости жазат.

Ошентип, Бангладешке качкындардын жалпы саны 800 миң адамдан ашат.

Басылма билдиргендей, рохинджа мусулман калкы жашаган мьянмалык Рокхайн штатынын аймагында кырдаал 25-августта курчуп, “Рохинджаларды коргоо Аракан кыймылы” согушчандар кыймылы полициянын 30 пунктуна кол салган. Зордуктун күчөшүнөн 414 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий