• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бангладеште аял бир айда эки ирет көз жарып, 3 ымыркайлуу болду

Дүйнө 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Бангладештин 20 жаштагы Арифа Султан аттуу жараны бир айда эки жолу көз жарган. Бул тууралуу РИА Новости чет элдик басылмаларга шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Арифа февраль айында тун баласын жарыкка алып келип, дагы бир айга жетпеген убакыттын ичинде эки эгиз балдарды төрөгөн.

Даарыгерлер билдиргендей, бул айымда сейрек кездешүүчү аномалия - эки жатыны болгон. Биринчи төрөт маалында анын ичинде эки эм наристе өсүп жатканын дарыгерлер байкашкан эмес.

26 күндөн кийин Арифа Султандын суусу кетип, ал жарыкка бир кыз бир уулду алып келген. Наристелердин жана энесинин саламаттыгы жакшы болуп, алар бир нече убакыттан кийин үйүнө жиберилген.

Ал эми бийлик бул ооруканада текшерүү жүргүзөөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий