• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бангладештен Бишкекке 103 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-июль күнү Бангладештен Бишкекке 103 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

“Бул аба каттамы менен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары да кайтарылды. Өзбек жана тажик тараптын кайрылуусу боюнча ал жарандардын мекенине кайтуусу үчүн транзиттик коридор уюштурулат”, - деп билдирет министрлик.

Келген жарандарын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылган.

Министрликтен белгилешкендей, чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды өлкөгө кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий