• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Банкка карата даттануу менен кайда кайрылса болот? Улуттук банктын жообу

Коом 0

Финансы-кредит уюмуна (ФКУ) карата даттануу менен кайда кайрылууга болот деген суроого КР луттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн адистери жооп беришет.

- Финансы-кредит уюму менен пикир келишпестик келип чыккан учурда эмне кылуу керек?

Алгач белгилей кетүүчү нерсе, финансы-кредит уюмдары өз ишин банк мыйзамдарына ылайык, банк мыйзамдарына каршы келбеген эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу менен өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. Пикир келишпестик жаралган учурда, эң алгач банкка түздөн-түз кайрылуу зарыл.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамдын (мындан ары – Мыйзам) 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык, банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын кардарлар менен өз ара мамилелери ушул Мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин, Кыргыз Республикасынын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.

Ошондой эле, келишим өз ыктыярдуу, эркин жана жарандык укуктарды тоскоолдуктарсыз ишке ашыруу принцибинде түзүлө тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Эгерде, келишимдин аткаруу процессинде кандайдыр бир талаш маселелер келип чыкса жана аларды эки тараптын макулдашуусу менен чечүү мүмкүн эмес болсо, анда алар аталган Мыйзамдын 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык, анын ичинде талаш маселени сотко чейин жөнгө салуу тартибинде чечилет.

Керектөөчүнүн кайрылуусу негиздүү жана укук ченемдүү болуп далилденген учурда, ФКУ орун алган мыйзам бузууларды четтетүү, керектөөчүнүн укуктарын калыбына келтирүү жана мыйзамдуу таламдарды коргоо жагында тиешелүү чараларды кабыл алат.

  • Жарандардын кайрылууларын кароонун белгилүү бир жол-жобосу барбы?

Албетте, "Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 токтом менен бекитилген) жобого ылайык, ар бир финансы-кредит уюмунда кайрылууларды кароо жол-жобосу болуусу зарыл. Жол-жобо жана кайрылууларды сунуштоо ыкмалары (каналдары) тууралуу кеңири маалымат, ошондой эле Даттанууларды жана сунуштарды каттоо китепчеси ар бир офисте көрүнүктүү жерде же маалымат такталарында жайгаштырылууга тийиш. Кайрылууларды кароо жол-жобосунун электрондук версиясы (керектөөчүгө тиешелүү бөлүгү) ФКУнун расмий интернет-сайтында (болгон шартта) жайгаштырылышы керек. Финансы-кредит уюмдардын башкы кеңсесинде жана филиалдарында керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча иш алып барган жооптуу кызматкерлер бар, алар кайсы болбосун учурда кардарларды уюмда белгиленген эрежелер менен тааныштырууга милдеттүү. Ошондой эле, кызматкерлер керектөөчүгө телефон аркылуу оозеки кеп-кеңештерди берип, зарыл учурда кат жүзүндө кайрылууну түзүүгө жардам беришет. Кайрылуу үчүн телефон номерлери финансы-кредит уюмунун маалымат такталарында жана расмий сайтында (болгон шартта) жайгаштырылууга тийиш.

Керектөөчүнүн кайрылуусу ФКУда иштелип чыккан ички жол-жобого ылайык кароого алынат. ФКУ кайрылуулардын адилеттүү, ар тараптуу жана өз убагында кароого алынышын камсыз кылууга жана белгиленген тартипте алар боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.

Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле (телефон аркылуу же кабыл алууга катталуу), кат жүзүндө сунушталышы, жеткирилип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, ФКУнун электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттануулар жана сунуштар катталган китепчеде чагылдырылышы мүмкүндүгүн белгилеп кетмекчибиз.

- Өтүнүч катты кандай формада сунуштоо зарыл?

Мында кандайдыр бир бирдиктүү форма жок. Кайрылууну эркин түрдө билдирсе болот. Бирок, жазуу түрүндөгү өтүнүч катка карата белгиленген жалпы талаптарга таянуу зарыл. Жазуу түрүндөгү кайрылууда сөзсүз түрдө кайрылуу кимден жана кимге даректелгендигин, башкача айтканда жеке маалыматыңызды: жооп кайра жөнөтүлүүчү дарек, телефон номери; кайрылуу даректелген финансы-кредит уюмдун аталышы жана белгилүү бир кызмат адамдын аты-жөнү көрсөтүлүшү зарыл. Кайрылууда өтүнүч каттын же даттануунун мазмунун, башкача айтканда маселенин айкын жагдайын, далилдерди келтирүү менен банк тарабынан сиздин кайсы укуктарыңыз бузууга жол берилгендигин чагылдыруу зарыл. Зарыл учурда, жазуу жүзүндөгү далилдерди, кардардын билдирүүсүн тастыктаган документтерди тиркөөгө болот. Бул, кредиттик келишимдин көчүрмөсү, тигил же бул кызмат үчүн төлөө квитанциясы, эсеп көчүрмөсү жана башкалар болушу мүмкүн. Мындан тышкары, кайрылуу же даттануу боюнча кандай чечимдин кабыл алынышы күтүлүп жаткандыгын билдирүү зарыл. Албетте, акырында кайрылуу сунушталган күн көрсөтүлүп, кол коюлууга тийиш. Маселени кыскача жана түшүнүктүү чагылдырууну сунуштайбыз. Мында, фактыларды көбүрөөк келтирүү маанилүү болуп саналат.

- ФКУ жоопту канча убакыт ичинде берүүгө тийиш?

Керектөөчүнүн ФКУга жолдогон жазуу жүзүндөгү кайрылуусу отуз календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга жана ага жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлүүгө тийиш.

- ФКУнун жетекчилигине түздөн-түз кайрылуу мүмкүнчүлүгү барбы?

"Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун 34-беренесине ылайык ФКУнун аткаруу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле анын филиалдарынын жетекчилери керектөөчүлөрдү ФКУнун расмий сайтында (болгон шартта) жана маалымат такталарында жайгаштырылган бекитилген графикке ылайык жеке кабыл алууга милдеттүү. ФКУнун жооптуу кызматкери да керектөөчүлөрдү туруктуу негизде кабыл алып турат.

- Улуттук банкка ким, кандай маселелер жана канчалык көп даттануулар менен кайрылышат?

Көбүнчө, даттануулар менен бизге ФКУнун кардарлары – банктык жана микрофинансылык кызматтардан керектөөчүлөр кайрылышат. Көпчүлүк учурда, керектөөчүлөр кредиттерин реструктуризациялоого көмөктөшүү, кандайдыр бир талаш маселелер менен же бузууга жол берилген укуктарын калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышат.

- Кандай учурларда Улуттук банкка кайрылууга болот жана кантип жардам бере аласыздар?

Алгач, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумунун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп санала тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Ошондой эле, аталган берененин 2-пунктуна ылайык, ушул мыйзамда каралган учурларды эске албаганда, Улуттук банк банктардын алып барган күндөлүк ишине кийлигишпейт.

Башкача айтканда, коммерциялык банк же банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан мыйзам талабын кандайдыр бир бузууларга жол берилбесе, Улуттук банк жана башка мамлекеттик бийлик органдары алардын кардар менен иш алып баруусуна кийлигишүүгө укугу жок. Тактап айтканда, келишимдин шарттарын өзгөртүү маселеси тараптар ортосунда өз ара кошумча келишим түзүү аркылуу чечилет. Алсак, карыз алуучу кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда, биринчи кезекте ал сөзсүз түрдө түздөн-түз ФКУга кайрылып, кредитор менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кредит төлөө шарттарын кайра карап берүүнү өтүнүүгө тийиш. Кайсы бир кредитти реструктуризациялоо маселеси кредитор менен карыз алуучу ортосунда өз ара сүйлөшүү аркылуу чечилүүгө тийиш. Бул учурда кредиторго кредиттин төлөнбөй калгандыгы себеби, карыздын ордун жабуу мөөнөтү жөнүндө маалыматты, ошондой эле карыз алуучунун финансылык жагдайын жана төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтерди берүүнү сунуштайбыз. Эгерде, керектөөчүнүн укугу бузууга жол берилсе же ал финансы-кредит уюмунун иш-аракети менен макул болбосо же буга чейин ФКУга жазуу түрүндө кайрылып, бирок кабыл алынган чечим менен макул болбосо, анда ал албетте Улуттук банкка финансы-кредит уюмунун ишине карата кандайдыр бир чара көрүү өтүнүчү же даттануу менен кайрылууга укуктуу. Кайрылууну кылдат карап чыгуунун жыйынтыгында Улуттук банктын талаптары бузууга жол берилгендиги аныкталса, ага карата таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.

  • Улуттук банк тарабынан жарандардын каттарын, арыздарын жана даттанууларын кароо тартиби жөнүндө айта кетсеңиз?

Жарандарды кабыл алуу, кайрылууларды жана даттанууларды каттоо жана кароо үчүн Улуттук банкта туруктуу негизде коомдук кабылдама, ошондой эле Улуттук банктын компетенциясына кирген маселелер боюнча коомчулукка маалымат жана консультация берген Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү иштейт.

Кайрылууларды кароодо биз "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамга, ошондой эле ушул ченемдик-укуктук актынын негизинде иштелип чыккан ички жоболорго таянуу менен иш алып барабыз.

Кайрылууда кайрылган адамдын жеке маалыматтары, кайра жооп жөнөтүлүүчү почта дареги, телефон номери, кайрылган маселенин маңызы, ошондой эле кол тамгасы жана күнү көрсөтүлүүгө тийиш. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болуусу абзел. Зарыл учурда, өтүнүч каттын ээсинин даттанууларын далилдеген документтерди тиркөө керек.

Белгилей кетүүчү нерсе, керектөөчүнүн жеке маалыматтары жана почта дареги көрсөтүлбөгөн кат жүзүндөгү кайрылуу жашыруун катары таанылат жана ал кароого алынбайт.

Улуттук банкка жазуу жүзүндө сунушталган кайрылуу, ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күнү ичинде каралат. Бирок жарандын кайрылуусу боюнча маселени чечүүдө атайын текшерүү (экспертиза), кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учурда, даттанууну кароо мөөнөтү 30 календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.

Бул сунуштар финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланган керектөөчүлөргө кредитор менен так иш алып барууга жана алардын алгылыксыз жагдайларга туш болбоосуна жардам берет деп ишенебиз.

Пикир

Оставить комментарий