• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Банкноттун аныктыгын кантип текшерүү керек? Улуттук банктын жообу

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында улуттук валютанын жасалма банкноттору табылгандыгы тууралуу социалдык тармактарда тараган билдирүүлөргө байланыштуу, КР Улуттук банкы банкноттун аныктыгын кантип текшерүү керектигин эскертет.

Жасалма акча жасоочулардан сактаныш үчүн жана анык банкнотту жасалма банкноттон айырмалоо үчүн банкноттордун аныктыгы боюнча белгилүү болгон бардык коргоо белгилерин текшерип көрүү зарыл:

  • Сүрөт. Банкнотту кылдаттык менен текшерип, сүрөттөрдүн тунуктугуна көңүл буруңуз.
  • Рельефтүүлүк. Сүрөттөгү портрет менен жазуулардын рельефтүүлүгүн (одуракайлыгын) кол менен кармап текшерип көрүңүз.
  • Суу белги. Банкнотту жарыка салып кароодо ак тилкесинде жайгашкан суу белгисин текшерүү зарыл. Суу белгинин сүрөтү банкноттогу портреттин сүрөтүнө дал келүүгө тийиш.
  • Коргоо тилке. Жарыкка салып кароодо туташ болуп көрүнүп туруучу жана номиналдык санды камтыган көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилкелерин текшерүү зарыл. 5000 сомдук банкнотту жантайтып кароодо коргоо тилкеси кызыл түстөн жашыл түскө өзгөрөт.
  • Номиналдын сандары. Банкноттун төмөнкү оң бурчунда жайгашкан тик бурчтукка көңүл буруңуз. Банкнотту жантайтып кароодо оюу-чийменин алдында номиналдын саны көрүнөт.
  • Голлографиялык тилке (100, 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордо гана). Банкнотту ар бир бурчунан жарыкка салып кароодо, голлографиялык тилкедеги сүрөттөр өзгөрөт.
  • Түсүн өзгөрткөн боёк (5000 сомдук банкнотто гана). Банкнотту ар бир бурчунан жарыкка салып кароодо, тик бурчтуктун түсү жашыл түстөн көк түскө өзгөрөт.
  • Голограмма (2000 сомдук банкнотто гана). Банкнотту сол жактан оң жагына же тескерисинче алып, жантайтып кароодо "25" деген сан улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт.

- Микрооптикалык тилке (2000 сомдук банкнотто гана). Банкнотту ар бурчунан жарыкка салып кароодо, тилкедеги көлөмдүү сүрөттөлүш, кыймылдын таасири кубулуп, чагылышып көрүнөт.

«Эгерде колуңузда шектүү банкнот бар болсо, анда ал банкноттун аныктыгына экспертиза жүргүзө турган жакынкы ички иштер бөлүмүнө же Улуттук банкка өткөрүлүп берилиши керек», - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Улуттук банк улуттук валютанын шектүү банкнотторун жана монеталарын экспертизага күн сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дөн 15:00гө чейин кабыл алат. Экспертиза акысыз жүргүзүлөт жана 5 жумуш күндөн ашпайт.

Улуттук банк шектүү банкнотту сатып өткөрүүгө аракет кылбоо керектигин эскертет, анткени жасалма банкнотторду чыгаруу гана эмес, таркатуу да мыйзам алдында жазаланат.

Пикир

Оставить комментарий