• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Банктар аралык процессинг борборунда" ири өлчөмдө коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коомунда өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө "Банктар аралык процессинг борбору" КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту ЖАК кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча өзгөчө оор кылмыш жасоо менен кылмыш иши козголду.

Акцияларынын 46,7% КР Улуттук банкына таандык жана мамлекеттин менчиги болуп саналган "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын жетекчилиги жеке кызыкчылыкты көздөө жана жеке баюу максатында жогорулатылган баалар боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурган.

Тактап айтканда, 2021-жылдын декабрь айында "МПЦ" ЖАК жетекчилиги имаратты 106 млн сомго сатуу боюнча келишим түзгөн. Ошол эле учурда бул имарат техникалык жана квалификациялык талаптарга ылайык, "МПЦ" ЖАКтын муктаждыктарына жооп берген эмес жана тийиштүү түрдө пайдаланууга жараксыз болгон.

2022-жылдын октябрь айында козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, жогоруда аталган мүлктүн базар баасы 48 184 512 сомду түзгөн.

Ошентип, ашыкча баалоонун жана мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 57 815 488 сомду түздү.

2022-жылдын 8-ноябрында кылмышка шектүү катары "МПЦ" ЖАКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы 1977-жылы туулган А.У.С. кармалып, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий