• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Банктар “Менин үйүм 2021-2026” программасы боюнча арыздарды кабыл алууну токтотту

Экономика 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып “Бакай Банк”, “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ААК банктар “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери) багыты боюнча арыздарды кабыл алууну убактылуу токтотушту.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан билдиришкендей, бул багытта ипотекалык насыяларга суроо-талаптын чоң болгондугуна байланыштуу ипотекалык компаниянын өнөктөш-банктары белгиленген каражаттардын чегинде кредит берүүгө арыздарды кабыл алышты (каражаттар чектелген).

“Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери) багыты боюнча арыздарды кабыл алуу, өнөктөш банктарда учурдагы арыздардын кароосу бүткөндө башталат.

Арыз кабыл алуунун датасы жана убактысы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын сайтында кабарланат.

“Жеткиликтүү ипотека” (жарандардын бардык категориялары) багыты боюнча белгиленген каражаттын чегинде арыздар кабыл алынууда.

“Менин үйүм 2021-2026” программасынын бул багытта бардык катышуучулары электрондук порталда бекитилген, анын ичинде мурунку “Арзан турак жай 2015-2020” программасы боюнча бекитилген катышуучулар “Бакай Банк”, “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ААК банктардын филиалдарына кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий